Президент Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Анда бир катар маселелер каралып, анын ичинде Кыргыз тарап Кытайга электр энергиясын экспорттоо маселесин изилдөөнү сунуштады. Кытай тарап бул сунушту изилдөөгө даяр экенин билдирди дешет президенттик администрациядан.
Ал эми президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев коңшу өлкөгө мындай сунуш мурда берилгенин, маалымат жарыяланганын айтат.
"Буга чейин эки өлкө башчылары энергетика тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашканын кабарлаганбыз. Кыргыз тарап электр энергиясын Кытайга экспорттоо вариантын сунуштаган. Өз кезегинде Кытай тарап бул маселени изилдөөгө макул болгон. Эгерде оң чечим кабыл алынса Кыргыз өлкөсүндөгү ГЭСтерди курууга жана кубаттуулуктарды көбөйтүүгө кошумча инвестицияларды тартууга жол ачат", - деди ал.