Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында жайгашкан "Риом АВТО" унаа базарынын аймагындагы 57 унаанын ээлери изделет. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, транспорттук каражаттардын ээлери документтер менен биргеликте аларды бажылык тариздөөдөн 14-февралга чейин өткөрүшү керек.
"Унаалар бажылык тариздөөдөн өткөн эмес жана көп убакыттан бери турат.
Унаалардын ээлеринин аты-жөнү аныкталбаган учурда Бажы кызматы аларды мындан ары мамлекеттин менчигине айлантуу максатында ээси жок деп таануу жөнүндө сот органдарына кайрылат", - деп жазылат маалыматта.
Бажылык тариздөө жүргүзбөстөн кампанын аймагында узак мөөнөттө турган унаалардын тизмеси шилтемеде.