Жалал-Абадда ата-энесинин коштоосу жок соода жана кайырчылык кылган 15 өспүрүм аныкталды

Жалал-Абад шаардык мэриясы бүгүн шаар аймагында жашы 18ге толо элек өспүрүмдөрдүн жумушка тартылуусун алдын алуу жана болтурбоо максатында рейд өткөрүлгөнүн кабарлашты.
Иш-чарага шаардык мэриянын социалдык адиси, Жалал-Абад ШИИБинин инспекторлору жана шаардык социалдык коргоо бөлүмүнүн тиешелүү адистери катышты.
Рейддин жүрүшүндө ата-энесинин, жакындарынын коштоосу жок соода-сатык жана кайырчылык кылган 15 өспүрүм аныкталды. Аларга адистер тарабынан оозеки түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашаган даректери тактоого алынып, ата-энелерине эскертүүлөр берилди.
Мэриядан алдыда мындай иш-чара улантыларын кошумчалашты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан