Башкы прокурор: "Айтпай-дебей соттук териштирүүлөргө катышабыз"

Бүгүн, 7-февралда башкы прокурор Курманкул Зулушевдин жетекчилиги алдында кеңейтилген коллегиянын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Жыйындын күн тартибинде прокуратура органдарынын 2021-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгы чыгарылып, ушул жылга карата аткарылчу иш-аракеттер жана башка маселелер талкууланды.

Мындан тышкары башкы прокурор тарабынан мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча тийиштүү талаптар коюлду.

"Облустук, райондук прокурорлор, орун басарлары жана өзүм дагы айтпай-дебей соттук териштирүүлөргө катышабыз. Шаарбы, жер-жерлерби маанилүү эмес. Жаңы кодекстер боюнча талаптарды, азыркы койгон маселелерди кошуп 20-февралдан баштап текшерүү жүргүзөбүз. Ар бир башкармалык текшерет, кечинде мен барып жер-жерлерде чогулуш өткөрөм", - деди Зулушев.

Аталган жыйынга прокуратура органдарынын аймактардагы прокурорлору жана Башкы прокуратуранын кызматкерлери катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан