Жалал-Абадда дыйкандарга жеңилдетилген насыя кезексиз берилет. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, бир нече банктын өкүлдөрү жана тийиштүү адистер менен биргеликте Т.Тайгараев аймактык башкаруусунун жашоочулары менен жолукту.
Жыйында шаар башчысы жана банктын өкүлдөрү тарабынан айыл чарбасын колдоо максатында бериле турган өкмөттүн 6 пайыздык насыясы тууралуу кеңири маалымат берилип, дыйкан-фермерлер кызыктырган суроолоруна жооп алышты.
Ошондой эле министрлер кабинетинин "айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө" 309-токтому боюнча да элге түшүндүрүү иши жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, "Айыл чарбасын каржылоо – 10" долбоору аркылуу дыйкандарга кезексиз, ал эми мал чарбачылыгы үчүн кезек менен жеңилдетилген 6 пайыздык насыя берилет.