УКМК: "Бишкек мэриясында акча каражатын уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды"

Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө акча каражатын уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

“Бишкек жашыл чарба” МИнин башкы бухгалтери “А.Э.О.” жана бухгалтер “А.А.” белгиленген нормадан ашыкча эмгек акыны мыйзамсыз чегерүү максатында бухгалтердик документтерди (коштоочу каттарды, эмгек акынын ведомостторун ж.б.) системалуу түрдө жасалмалап, анын негизинде мамлекеттик бюджетке 800 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгени тастыкталды", - деп билдиришти УКМКдан.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы мыйзамсыз аракеттер документтештирилип, кылмышка тиешеси бар жаран А.Э.О. күнөөсүн толугу менен моюнуна алган.

Ошондой эле жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алкагында келтирилген зыян күнөөлүү адамдар тарабынан толугу менен толтурулган.

Азыркы убакта сот органдарына өткөрүп берүү үчүн тергөө иштери аяктап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан