"Көз жоосун алат". Түндүк-түштүк альтернативдик жолунун бийиктиктен көрүнүшү

Саякатчы-блогер Николай Гладков Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолундагы кадрларды өзүнүн Инстаграм баракчасына жарыялады.

Белгилүү болгондой, көпүрө Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылына жакын жерде жайгашкан.

"Көптөгөн адамдардын көңүлүн бурдурган бул жаңы жердин масштабы сезилет. Ал эми ага алып баруучу жол андан кем калышпайт. Эгер сиз ал жакка Бишкектен барууну пландап жатсаңыз, анда бир тарабы 300 километрден бир аз көп болгон Төө-Ашуусу аркылуу барууга кеңеш берем. Биз ал жакка бир күндө оңой эле барып келдик", - деп жазат блогер.

Белгилей кетсек, эстакада көпүрөлөрүнүн узундугу 1076 жана 396 метрди түзөт. Алар жаңы, заманбап технологияларды колдонуу менен курулган жана Арал-Казарман автожолунда жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Bishkek-Kg
2022-02-08 12:45:56
Ошондо бул жолдо перевал жокпу? Жалпы узундугу канча км?
+8
rafo80
2022-02-08 14:20:20
Болот экен го жасаса .
+6
suban78
2022-02-08 18:34:34
Алла Таалам ушул жол менен Ысык Колго барып эс алып келгенге жеткизсин.
Алга Кыргызстаным
+4
rahat73.
2022-02-08 18:56:53
Алмаз Атамбаевдин эмгеги
-1
nazira...
2022-02-08 19:57:16
rahat73.,Бакиевдин
-1
KG_CH
2022-02-08 23:16:26
nazira...,карызды Атамбаев алса жол курганга жемелединер эле, эми минтип жалган суйлоп, эки жуздуулук
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан