Садыр Жапаров: "Ош базарына" ККМ тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү келдим"

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бишкектеги “Ош базарды” кыдырып, соодагерлер менен маектешүүдө.

Президент SUPER.KG порталынын журналистинин суроосуна жооп берип жатып, ал базарга жаңы салык кодекси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү келгенин айтты.

“Базарда отурган эл менен баарлашып, эмне үчүн ККМ (Контрольно-кассовая машина) колдонгонго каршы чыгышканын сурап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жүрөм. Министрлер кабинети убагында түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзө албай калган үчүн эл түшүнбөй ККМга каршы митингге чыгышканын билип жүрөм”, - деди президент .

Садыр Жапаров "Ош базарда"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан