Бишкектин Ак-Өргө жаңы конушуна сквер куруу иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
"Ленин районунун акими Русланбек Тагаев иш сапары менен чыгып, жаңы сквер куруу пландалып жаткан аймак менен таанышты. Сквер Ашар жана Арабаев көчөлөрүнүн кесилишинде аянты 2,4 гектарды түзгөн аймакка салынат. Долбоордун алкагында тротуарлар, веложолдор, отургучтар, балдар аянтчасы, баскетбол жана волейбол аянтчалары жана жуунуучу бөлмөлөр бар", - деп билдиришти мэриядан.
Учурда жер участогун пландаштыруу боюнча иштер башталды. Долбоор борбор калаанын мэриясынын мамлекеттик-капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу ишке ашырылууда.
Белгилей кетсек, 2022-жылы Ленин районунун аймагында 3 жаңы сквердин курулушу пландалууда.