Президент Садыр Жапаров жана саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев көп тармактуу балдар ооруканасына (Республикалык диагностикалык борбору) барышты. Бул тууралуу активист Умай Арыкова өзүнүн Твиттер баракчасына билдирди.
Буга чейин министр Алымкадыр Бейшеналиев өлкө башчысы менен жолугуп, Тез жардам клиникалык ооруканасына башкы дарыгер кылып Дамир Дүйшөнов дегенди дайындаганын жана ага тапшырмалар берилгенин маалымдаган.
Маалымат үчүн:
Белгилей кетсек, 5-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына чыккан митингчилер президент Садыр Жапаровго кайрылып, Сабырбек Жумабековдун ордунда калуусун, министр Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкага кетүүсүн талап кылуу менен резолюция түзүшкөн. Ошондой эле Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун мыйзамсыз шаардык Тез жардам клиникалык ооруканага өзгөртүүнүн токтотулуусу талап кылынган.