Ноокатта сүттөй аппак болуп аккан суу: Аралдагы суунун булганышына себепчи ишканага жарым миллион сом айып пул салынды

Ош облусунун Ноокат районундагы Арал айылынан агып өтүүчү Кыргыз-Ата суусунун булганганына себепчи болгон ишкана "Мрамор-Стоун" ЖЧКсына 517 миң өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ноокат районунун акими Данир Иманалиевге байланышканыбызда билдирди.

"Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин Ош аймактык башкармалыгы тарабынан бул ишканага (ред.: "Мрамор-Стоун" жоопкерчилиги чектелген коому) 517 миң сом айып пул салынган.

Кетирилген кемчиликтерге көңүл кош мамиле кылып кемчиликтерге жол койгондугу үчүн А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Д.Ажибековго сөгүш, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын экологиялык коопсуздукту контролдоо боюнча куратору Кубанычбек Орозмамат уулуна эскертүү берилди", - деп билдирди аким.

Маалымат үчүн:

Буга чейин SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Ош облусунун Ноокат районунун тургуну кайрылып, ичүүчү суунун тазалыгына кабатыр болуп жатканын билдирген. Тургун "ичүүчү суу алган дарыя сүттөй аппак болуп агып жатат" деп видеосун дагы жөнөткөн. Ал эми Ноокат районунун акими Данир Иманалиев суу эмнеден улам булганганын айткан.
Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынан лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүп жатканын маалымдашкан. Атайын текшерүүлөрдүн негизинде дарыядагы суунун булганышына Арал айылында иш алып барган таш кесүүчү ишканадан чыккан саркындылар себеп болгону аныкталган.
Жергиликтүү тургундар президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө таш кесүүчү ишкананын ишмердүүлүгүнө нааразы болуп, арыз менен кайрылышкан.
Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын корутундусуна ылайык, суу булганганы аныкталган. Ал эми санитардык-эпидемиологиялык кызматы суунун курамында химиялык заттар жок деген тыянак чыгарышкан. Тактап айтканда, суу булганды ичкенге жарабайт, бирок курамында химиялык заттар жок болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mister-XXX
2022-02-08 17:31:28
Туура кылыптыр.
+2
Nuuman
2022-02-08 19:13:40
Эми ошол штраф төлөндү бекен? Квитанция талап кылгыла
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан