Белгилүү композитор Абдылас Малдыбаевдин кызы Жылдыз Малдыбаева дүйнөдөн кайтты

Кыргыз кыздарынан чыккан туңгуч композитор, профессор, эмгек сиңирген ишмер, эл артисти Жылдыз Малдыбаева 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Жылдыз Малдыбаева 1946-жылы 6-июлда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Ал П.Шубин атындагы музыкалык мектепти жана М.Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын бүтүргөн.
1966-жылы У.Гажибеков атындагы Баку консерваториясында, эки жылдан кийин Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна которулуп, 1972-жылы бүтүргөн. 1969-жылдан Кыргыз мамлекеттик И.Арабаев атындагы университет кыз-келиндер педагогикалык институтунда иштейт. Институттун алдында "Мурас" вокалдык-аспаптык ансамблин уюштуруп, элдик жана обончулардын, композиторлордун ондогон ырларын иштеп чыккан.
"Күнөстүү арал" көркөм фильмине, "Июлда үч күн", "Менин шаарым жөнүндө повесть", "Төрт сүрөт", "Оюмдагы жомок" даректүү жана балдар фильмдерине да музыка жазган. 1985-жылы Москвада өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар менен студенттердин 12-фестивалында диплом менен сыйланган. Софияда, Прагада, Бухарестте, Түркияда, Орусияда чыгармалары угуучуларга тартууланган.
Ал СССРдин эл артисти , Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты , кыргыз профессионал музыка искусствосунун негиздөөчүсү Абдылас Малдыбаев жана Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Батипа Малдыбаеванын кызы.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жылдыз Малдыбаеванын каза болгондугуна байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан