
Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинде оор турмуштук кырдаалга туш болгон Кыргыз жарандарына укуктук жардам көрсөтүү үчүн элчинин ишеним телефону түзүлдү.
Элчиликтен билдиришкендей, аларга укуктук, консулдук жана башка бардык жардамдар көрсөтүлөт.
Оор турмуштук кырдаалга туш болгон аялдар жана жаш балдар ишеним телефону аркылуу күнү-түнү байланыша алышат.
Элчинин ишеним телефону: +7 (996) 665 – 76 – 88 (ошондой эле WhatsApp билдирүүлөр).