Иштөө мөөнөтү 25 жылдан ашкан. Быйыл шаардагы көп кабаттуу үйлөрдөгү 20 лифт алмаштырылат

Быйыл борбор калаадагы айрым көп кабаттуу үйлөрдөгү лифттер алмаштырылат. "Бишкек лифт" ишканасынан белгилешкендей, пайдалануу мөөнөтү аяктап 20 лифтти алмаштыруу мерчемделүүдө.
Маалым болгондой, лифттер 25 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келген.
"Учурда тизмелердин долбоору даярдалууда. Өз убагында каражат бөлүнсө, лифттерди сатып алууга тендер жарыяланат. Алмаштыруу иштери 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгына пландалды", - дешет муниципалдык ишканадан.
Белгилей кетсек, 11-январда Улан-1 кичи районунда 38 жаштагы эркек киши лифтке кыпчылып каза болгон. Бул окуядан кийин "Бишкек лифт" ишканасынын директору Майрамбек Саманчиев шаардык кеңештин жыйынында Бишкектеги көп кабаттуу турак үйлөрдөгү лифттердин 1 миңден ашыгынын нормативдик иштөө мөөнөтү аяктаганын белгилеген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
raikakyz
2022-02-09 13:21:09
Эски лифттерди сөзүз адам кыпчылып өлгөндө алмаштырыш керек беле, мурун эле алмаштырса болот эле го, бир үй бүлөө бүтүн калмак.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан