Бириккен Араб Эмираттарынын Шарджа Эмиратынан Ош шаарына жаңы түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жаңы авиа каттам 20-февралда ачылат. Ошондой эле каттамды "Air Arabia" компаниясы аткарат.
Графикке ылайык:
Airbus A320 учагы менен Шарджа эл аралык аэропортунан жума жана жекшемби күндөрү саат 21:45те (жергиликтүү убакыт боюнча) учуп, «Ош» эл аралык аэропортуна саат 03:15те (жергиликтүү убакыт боюнча) конот;
«Ош» эл аралык аэропортунан дүйшөмбү жана ишемби күндөрү саат 04:25те (жергиликтүү убакыт боюнча) «Шарджа» эл аралык аэропортуна карай саат 18:25те (жергиликтүү убакыт боюнча) конот.