"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов бийликти күч менен басып алууга чакырык таштаган деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.
"Мирлан Ураимов Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинде ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык") каралган кылмыштын белгилерин камтыган чагымчыл материалдарды социалдык тармактарда таратуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ошондой эле иш боюнча алынган далилдердин негизинде 2022-жылдын 8-февралында кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдиришти УКМКдан.
УКМК учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатканын кошумчалады.
Кечээ, 8-февралда SUPER.KG порталына өздүк булактар "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов кармалганын маалымдаган.