Бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров күч органдарынан Кыргыз жарандарын коргош керек болуп калганын айтты.
"Күч органдарынан Кыргыз жарандарын коргош керек болуп калды. Кечээ Мирлан Ураимовдун кармалышы боюнча айткым келип жатат. Кандайдыр бир себептер болсо кат менен кайрылып койсо болмок. УКМК же ИИМ болобу түндө барып баса калган практикасын токтотсо болот эле. Түндө бала-чакасын коркутуунун эмне кереги бар?" - деди Мадумаров.
Кечээ, 8-февралда SUPER.KG порталына өздүк булактар "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов кармалганын маалымдаган.