Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.

Билдирүүгө ылайык, кызматкер кечээ, 9-февраль күнү УКМКнын кызматкерлери тарабынан пара талап кылган деген шек менен кармалган. Андан далил катары 15 миң сом алынган.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Бул боюнча Октябрь райондук ички иштер бөлүмү маалымат бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан