АКШда эне үч жашар кызын өлтүрүп, анын кылыгын «Губка Боб Квадратные Штаны» мультфильминин башкы каарманы буйруган деп түшүндүрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 22 жаштагы америкалык Юстина Жонсон үч жашар кызына бычак менен бир нече жолу жаракат келтирген. Андан соң анын сөөгүн таштанды салынган баштыкка салып, көчөгө ыргытып жиберген. Кызын өлтүрөр алдында аял өз жанын кыюуга да аракет кылган. Ошондой эле Юстина баңгиге көз каранды болгону айтылат.
"Ал болгон окуянын чоо-жайы эсинде жок экенин айтты. Анын кызын өлтүрүүнү буйруган сыналгыдан галлюцинация болгон, антпесе ал өзү да өмүрүнөн ажырайт. Ага муну Спонж Боб сыналгыдан айткан. Ал өз өмүрү үчүн коркуп, жинди болуп калганын моюнуна алды", - деген тергөөчү Райан Эберлайн.