Германияда Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсүнө таандык хан сарайлар табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Динара Кулибаева жана анын күйөөсү Тимур Кулибаев Германиядан төрт элиталык үй сатып алуу үчүн 100 миллион доллардан ашык инвестиция салышкан. Аларга таандык болгон хан сарайлар Германиянын Deutsche Welle (DW) медиа компаниясынын иликтөөсүндө айтылат.