Кикбокс боюнча Евразия чемпиону Канатбек Сыдыгалиев каза болду. Бул тууралуу Кикбоксинг федерациясынан билдиришти.
Белгилүү кикбоксчу Канатбек Сыдыгалиев 44 жашында каза болгон.
Канатбек Сыдыгалиев «Гермес Профи» клубунун курамында ири ийгиликтерди багындырган. 1999-2000-жылдары Евразия чемпиону, ушул эле жылдары Дүйнө чемпиондугунда күмүш, Европа чемпиондугунда коло медаль уткан.