Акылбек Жапаров менен ЕЭК министри Кыргыз өлкөсүндө өтө турган форумду уюштуруу маселелерин талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия экономикалык комиссиясынын министри, Орусиянын илимдер академиясынын академиги Сергей Глазьев менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Акылбек Жапаров ЕАЭБ алкагында кызматташуунун артыкчылыгын белгилеп, республика интеграциялык бирикмеге мүчө мамлекеттер менен өз ара кызматташууну үзгүлтүксүз өнүктүрүү үчүн чыгып жаткандыгын баса белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ушул жылы Кыргыз өлкөсүндө өтүүчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны алкагында Евразия экономикалык форумун уюштуруу маселелери талкууланды.

Тараптар ошондой эле ЕАЭБ алкагында финансы-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан