Бишкекте 13 жаштагы Айжамал Садырбекова дайынсыз болуп изделүүдө

Бишкекте 2008-жылы туулган Айжамал Садырбекова дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, борбор калаанын Э.Б. аттуу тургуну райондук милицияга арыз менен кайрылган. Анда 2008-жылы туулган кызы Айжамал Садырбекова Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан үйүнөн бүгүн болжол менен саат 10:30да чыккан бойдон кайтып келбегенин жазган. Ошондой эле ал кызын табууга көмөктөшүүнү суранган.

Өзгөчө белгилери: Бою 155-160 сантиметр, орто дене түзүлүштө, көзү кара, чачы кара, узун.

Кийген кийимдери: Кара күрмө, ак түстөгү капюшону бар толстовка, кара шым, бутунда кара түстөгү бут кийим.

Айжамал Садырбекованы көргөндөр же кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү номерлер: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102-465, 0(500) 032-000, 0 (701) 644-403, 0 (703) 401-600, 0 (553)102-880, 0 (501) 999-000 жана 102 аркылуу кабарлап коюуну милиция кызматкерлери суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Datka7777
2022-02-11 23:42:18
Мынча жакшынакай кыз! Табылып калар
0
Asmat84
2022-02-12 09:44:02
Бойонбой эле койбоптур
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан