
Москванын жанындагы Мытищи шаарында эки мектеп окуучусунун ортосунда жаңжал чыгып, алардын бири экинчисин бычак менен жарадар кылып алды. Жаракат алган окуучу Кыргыз жараны болгонун элчиликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 11-февралда орун алган.
"Жаракат алган окуучу 2008-жылы туулган С.О.И. аттуу Кыргыз жараны болгон. Ал жашы жете элек балдар дарыгерлеринин көзөмөлүндө. Өспүрүмдүн апасынын айтымында, анын өмүрүнө коркунуч жок.
Учурда Москва районунун укук коргоо органдары бул окуяга алып келген себептерди жана шарттарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө", - дешти элчиликтен.
Буга чейин орусиялык басылмалар эки окуучунун ортосунда жаңжал чыгып, бир окуучу жаракат алганын жазып чыгышкан.