Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев каза болду

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, ал 63 жашында Майлуу-Суудагы үйүндө көз жумду. Азырынча эмнеден улам каза болгону белгисиз.

Молдомуса Конгантиев Жалал-Абад облусунун Майлуу-Сай айылында 1958-жылы жарык дүйнөгө келген. 2008-жылдан 2010-жылга чейин ички иштер министри кызматын аркалаган.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Молдомуса Конгантиевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Dastanali
2022-02-12 21:19:08
Аллах өз мээримине алсын, Бейиштик болсун
+12
zhaynak
2022-02-12 21:35:17
Аллах Таалам бейиштен кылсын.
Мыкты Генерал
+12
atanazarov10
2022-02-12 21:41:30
2010-жылы эле катуу сабалган! Ошол маалдагы сабаган адамдар кийин акыретте жооп берсе керек!
+14
bessmertiy
2022-02-12 21:49:40
Чыныгы генерал эле. Жаткан жери жайлуу, ыйманы саламат болсун!
+12
Eden-Hazard
2022-02-12 21:55:41
Таластан таяк жеди эле
+7
Asmat84
2022-02-12 22:46:00
Чыныгы генерал эле. Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун
+9
Egizderim-baktim
2022-02-12 23:05:43
Пайгамбар жашында дуйнодон кайтыптыр да... Жайы жаннаттан болсун
+9
MAKALAK
2022-02-12 23:18:44
Ташчайнар сабаган азабын тартып атат азыр
+4
Turdueva
2022-02-12 23:38:54
Аллахым мээримине алсын
+6
Tyttty1990
2022-02-12 23:57:06
Инна лиллахи ва Инна илайхи ражиуун
+6
Gulnur1985
2022-02-13 00:44:58
Эхх окунучтуу жаткан жери жайлуу болсун, адам клзу откондон кн мактап калат экенбиз да, козу барда сыйлабай
+4
adilbars
2022-02-13 02:29:34
Түндүгү түшүп мундуздун, түркүгү кетти кыргыздын, аскасы кулап мундуздун, арстаны кетти кыргыздын! Запкыны далай көрсө да, зарын айтып сынбаган, сыртаны болчу кыргыздын, көрсө да азап өз башы, көптүн жүгүн көтөргөн, көк жалы болчу кыргыздын! Төбөгө түшүп көк асман, элимден кетти бир арстан! Муса аке аллах бейишинен орун берсин!
+2
Alinur96kg
2022-02-13 05:22:29
Ташчайнар довольный болсо керек эми.
+1
nargiz-sa
2022-02-13 07:50:18
Баары мактап баары жоктоп жатышат, тирүүсүндө баркына жетпегенден кийин өлгөндө мактамыш болгондун эмне кереги бар өлдү мактооңорду укпайт болду, анчалык эле күйүп жатсаңар арбагына куран багыштап тургула калп эле бир жолу "аттиң андай эле мындай эле" демиш болбой
-1
ulaAjidar
2022-02-13 08:12:18
Таш чайнар азабын тартат,Али коп тартат
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан