Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин акыркы сүрөтү жарыяланды

Бүгүн, 12-февралда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев мезгилсиз дүйнө салды. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев генералдын акыркы түшкөн сүрөтүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Социалдык тармакка УКМКнын төрагасы "Чарчаган арстанымдын акыркы сүрөтү…" деп жазып калтырган.

Мурдагы ички иштер министри, генерал-лейтенант Молдомуса Конгантиев 1958-жылы 31-мартта төрөлгөн. Кичи мекени Жалал-Абад облусунун Майлы-Сай айылы.
Билими – жогорку, Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинде билим алган. Юридика илимдеринин кандидаты.
1979-жылдан тартып ички иштер органында иштеп, мамлекеттик банктын сакчысы, аймактык инспектор кызматтарын өтөгөн.
1993-жылдан тартып Жалал-Абад ШИИБинин начальнигинин орун басары, 1995-жылдан тарта аталган облустун ИИББинин кылмышкерди издөө бөлүмүнүн начальниги, 1998-жылы ошол эле башкармалыктын кадрлар бөлүмүнүн башчысы, андан соң ИИМдин жергиликтүү органдарында жана борбордук аппаратта ар кандай жетекчилик кызматтарын аркалаган.
“Тюльпан революциясынан” кийин 2005-жылы М.Конгантиев Бишкек ШИИБинин начальниги болуп дайындалган. Ал бул кызматында 2008-жылдын январь айына чейин иштеген. Мындан кийин ички иштер министри болуп бекиген.
2010-жылдын 6-апрелинде оппозициячылардын митинги өтүп жаткан Талас шаарына барып, 7-апрелге караган түнү оппозициячылар тарабынан барымтага алынып, катуу сабалган.

Молдомуса Конгантиев 2010-жылдагы Апрель окуясында кызматтык ыйгарым укуктардан аша чапкандыгы үчүн айыпталган. Ал 2010-жылы апрель окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен, кийин Орусиянын аймагында кармалып, 2010-жылдын 26-апрелинде Кыргыз мамлекетине өткөрүлүп берилген.

2018-жылдын 12-июлунда президент Сооронбай Жээнбеков Конгантиевдин кылмыш ишин иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү Башкы прокуратурага тапшырганын айткан жана прокуратура президенттин тапшырмасынын негизинде Конгантиевге 2010-жылы козголгон кылмыш иштин кыскарганы боюнча иликтөөнү баштаган.

Ошентип, мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши 2018-жылдын 18-июнда "Конгантиевдин аракеттеринде кылмыштын курамы жок" деп УКМК тарабынан кыскартылган.

Анын ишин карап жаткан Биринчи Май райондук соту актоо чечимин чыгарган. 2019-жылдын 16-декабрында шаардык сот биринчи инстанциянын чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

2020-жылы Жогорку Сот тарабынан күнөөсүз деп табылып, акталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Asmat84
2022-02-12 23:00:47
Байкуш Сооронбай Жээнбеков актап чыгарган экен эле да. Накта элдик генерал болчу
+24
Tyttty1990
2022-02-12 23:55:03
Бишкек ШИИБнин Начальниги эмес *башчысы болот
+4
Baha.Kyrgyzstan
2022-02-13 00:21:57
Күчтүү инсан эле.жаткан жери жайлуу болсун топурагы торко болсун.
+17
BISHKEK-312
2022-02-13 00:47:29
Достойный генерал болчу!!!
+15
Ulugbek77
2022-02-13 03:02:05
Аллахым бейишинен орун берсин
+10
nazira...
2022-02-13 07:10:51
Кыйын киши эле, дагы жашаса болот эле. Пайгамбар жашында кетиптир да. Эми кудайым жанаттан оорун берсин, сурактары жеңил болсун. Калган жашын балдарына берсин. МВДны ушу киши түптөдү эле, аны милициялар жакшы билишет бизге караганда.
+7
Nurgazy80
2022-02-13 07:29:58
Бакиевди жалгыз ушул киши сатып кетпей аягына чейин турган
+17
rysik79
2022-02-13 08:02:48
Өлгөндөн кийин мактагынаңар тирүүсүндө ээээ. Арты кайрылуу болсун.
+4
mira28
2022-02-13 10:30:33
rysik79,ошону айтам да.Тируусундо сыйлап алалбагандан кийин,олгондон кийин оозу учунан мактагандын эмне кереги бар.Хан кордогон эл корболот дейт,Конгантиевти бети башын канжалатып уруп салган видеосу коз алдыма келди.Жаткан жери жайлуу болсун.
+1
Haanykeim
2022-02-13 09:05:10
Биз кыргыздар ушундайбыз баарында мактабай,жогунда мактайбыз..Ыраматылык Улан Эгизбаев айткандай..
+4
JaneEr
2022-02-13 13:10:16
Саясий курмандык...Ден соолугуна залал келтиришкен окшойт...
+4
amirrus
2022-02-13 16:41:39
Конгонун артынан эч Бир сотрудник жаман соз айта албайт любой милиция подтвердить
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан