Ички иштер министрлиги ИИМдин мурдагы министри Молдомуса Конгантиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.
Анда "Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, коллегия мүчөлөрү, ардагерлер кеңеши жана генералдар клубу, ошондой эле ИИОнун өздүк курамы отставкадагы милициянын генерал-лейтенанты Конгантиев Молдомуса Ташболотовичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына терең кайгырып, туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтат. Орду толгус оор жоготуунун кайгысы менен тең бөлүшөбүз.
Молдомуса Ташболотовичтин жаркын жана боорукер элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат", - деп жазылган.
Белгилеп өтсөк, Молдомуса Конгантиев 2008-жылдын январында ички иштер министри болуп дайындалган. Анын аракетинин аркасында ИИМдин материалдык-техникалык базасын толугу менен жакшыртуу боюнча практикалык чаралардын комплекси ишке ашырылган.
Эске салсак, Молдомуса Конгантиев кечээ 63 жашында мезгилсиз дүйнө салганы маалымдалган. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев генералдын акыркы түшкөн сүрөтүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.