SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман айылынын тургуну кайрылды.
Жергиликтүү тургун Акман айылы менен Ош-Бишкек жолунун кесилишкен жерине жол чырак же видео көзөмөл коюп берүүнү суранып, жол коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча тийиштүү жетекчилерге кайрылуу жасады.
"Кечээ, 12-февраль күнү жол кырсыгы катталып, эки айдоочу тең көз жумду. Буга чейин да мына ушул жерден жол кырсыгы катталып, ар жылы 10го жакын адам каза болот. Ошондуктан Акман айылы менен Ош-Бишкек жолунун кесилишкен жерине жол чырак же видео көзөмөл коюп берүүңүздөрдү суранабыз", - деди тургун.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.