Соңку 24 саат аралыгында COVID-19 жана пневмония илдетинен 236 бейтап айыкты делинип үйлөрүнө чыгарылды. Муну менен айыккандардын саны өлкө боюнча 192 миң 971 бейтапты түздү.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен белгилешкендей, бүгүнкү күндө стационардык дарыланууда 485 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 2119 бейтап бар.
Ооруканада дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен канааттандырарлык абалда 231 бейтап, орто оордукта 205, ал эми оор абалда жана 48 бейтап жатат.