Сутка ичинде дагы 28 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 27-майга карата COVID-19 инфекциясы боюнча статистикаларды айтып жатып билдирди.
Муну менен жалпысынан өлкө аймагында жалпы 1043 бейтап ооруну жеңип чыкты.