Украиналык олигархтар өлкөдөн массалык түрдө чыгып кетишүүдө

Украиналык олигархтар жана ири ишкерлер чартердик каттамдар жана жеке учактар менен өлкөдөн массалык түрдө чыгып кетишүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жекшемби күнү эле 20га жакын олигарх Украинадан чыгып кеткен. Өлкөдөн чыгып кеткендердин арасында оппозициялык платформа – “Өмүр үчүн” партиясынын депутаты, миллионер Игорь Абрамович дагы бар. Ал 50 кишилик учакты жалдап чыгып кеткен. Бул учакта партия мүчөлөрүнүн жакындары, ошондой эле Абрамовичтин бизнес өнөктөштөрү дагы бар жана учак Киевден Венага учуп кеткен.

Украинанын жергиликтүү басылмалары Украинадан кеминде сегиз ишкер чыгып кеткенин, алардын арасында Жогорку Раданын депутаттары да бар экенин жазышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Aidan_Ek
2022-02-14 10:39:13
Кудай сактай кор. Согуш болбосо экен
+4
rususu
2022-02-14 10:40:11
А эми акчалуулар качат,катып койгон байлыгы бар да,бизде деле качкандар болгон, туурале тушунуш керек.
+6
nazira...
2022-02-14 11:05:04
Акчалуулар качып чыгып кетишсе, акчасыздар калып өлүп кете беришет да согуш болсо. Мына сага, барибир байлар тирүү калып атат. согуш болсо ошо бейбечаралар согушуп өлөт, баягы эле качып кеткен байлар тирүү калат. Кача беришсин Россия Украинаны толугу менен өзүнө каратып алсын. Тооба, кудай сактасын эгерде бизде ошондой болсо эч ким калбай калса керек.
+2
surgeon777
2022-02-14 12:24:51
Олигархтар гана эмес чиновниктер ла качууда,чет мамлекеттен элчиликтер,консульстволор оз кызматкерлерин чакыртып алышууда,уже 3кун болду ажиотаж болуп жатканына,элдер мезгилден артта калыптыр)))
+1
Belek1710
2022-02-14 14:03:09
Кудай сактасын согуштан, АКШнын эле дүрбөлөңү болуп жатат.
+2
NURSAPAR
2022-02-14 19:56:54
Крысы покидают корабль.
+1
raykray
2022-02-14 21:10:06
Кудай сактасын байып байып эми жайларын таап жакындарын алып чыгып кетип жататда! Биздин бийликтегилерда ушундай эле сурот тартышмак эгер....
+1
akmanai
2022-02-14 22:57:09
Оор кундордо олкодон чыгып кеткендерди, жакшы кундордо кайра киргизбоо керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан