Бишкектеги клиникалык Тез жардам ооруканасына Памир Муратов директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Бишкектеги шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасынын директорунун милдетин аткаруучу болуп Памир Муратов дайындалды. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жаңы кызматкерди оорукананын жамаатына тааныштырды.

Аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашкандай, буга чейин Тез жардам ооруканасына директор болуп дайындалган Дамир Дүйшенов өз каалоосу менен жумуштан кетүү арызын жазды.

Белгилей кетсек, 4-февралда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун жоюп, директору Сабырбек Жумабековду кызматынан бошоткон. Анын ордуна шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлүп, ооруканага жаңы жетекчи дайындалган.

Андан соң министрдин орун басары аталган ооруканага барганда Сабырбек Жумабеков киргизе албай турганын айтып, Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, президенттин гана чечимин күтөрүн айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
surgeon777
2022-02-14 15:03:47
Тиги жашыраагын калтырыш керек болчу,дагы бир пенсионер келди,онукпойт...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан