Бүгүн саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйында Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборуна директордун милдетин аткаруучу болуп Гулия Кожокматова дайындалганын айткан.
Ошондой эле жакын арада борбор жоюлуп, Тез жардам ооруканасы болуп түзүлөрүн кошумчалаган.
Сабырбек Жумабеков кызматтан алынышы боюнча комментарий берип жатып "Садыр Жапаровдун акыркы чечимин күтөм" деп билдирди.
Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборуна министрдин орун басары келди.