"Пекин-2022": Олимпиаданын тумары болгон оюнчуктарды жасалмалап жасап сатканы үчүн Кытай жараны бир жылга эркинен ажыратылды

Кытайдын баш калаасында өтүп жаткан кышкы Олимпиаданын тумары болгон оюнчуктарды жасалмалап жасап сатканы үчүн Кытай жараны бир жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул Пекинде өтүп жаткан кышкы Олимпиаданын тумары болгон Бин Дунь Дунь пандасынын жана Сюэ Жунжун кол чырагынын сүрөтүнө автордук укукту бузуу боюнча биринчи кылмыш иши.

"Ага ылайык, окуя боюнча ыкчам тергөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Жэнь аттуу жаран кармалды. Ал 1 жылга эркинен ажыратылды жана 40 миң юань (6300 доллар) айыпка жыгылды. Себеби ар өлкөдөн келген адамдар Олимпиададан сувенир алуу үчүн узун кезекке турушат. Кытай бийлиги бул буюмдардын автордук укуктарын катуу сактайт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erkegenje
2022-02-14 21:48:13
Мына сага а бизде качан ушундай болот билбейм кыйалданада албайм го чиркин
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан