"Тамак-аш, суу жана жылуу кийим камдагыла!". Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал: 14-февралга карата эмне белгилүү?

Бүгүнкү күндө Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалуу бүткүл дүйнөнү кооптонтуп турат. Көпчүлүк Европа өлкөлөрү өздөрүнүн жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө чакырса, айрым элчилер үй-бүлөсүн алып Украинадан чыгып кетүүдө. Ал тургай АКШ президенти Жо Байден Орусия Украинага 16-февралда кол салаарын айтканын дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Мындан улам Орусия менен Украинанын ортосундагы акыркы кырдаалды карап көрдүк.

1. Литва Украинага аскердик техникасын, анын ичинде аба буталарын жок кылууга арналган Stinger системасын берди. Бул тууралуу 13-февралда Украинанын коргоо министри Алексей Резников социалдык тармактагы баракчасына жазды.

2. Франциянын Украинадагы элчиси Этьен де Понсен Украинадагы мекендештерин өлкөдөгү курч кырдаалдан улам тамак-аш, суу жана жылуу кийим камдап алууга чакырды. Бирок элчи өлкөдөн чыгып кетүү боюнча сунуштарды берген эмес.

3. Орусиянын өзөктүк эмес суу астында жүрүүчү "Санкт-Петербург" кемеси Жер Ортолук деңизине кирди. Ал Түндүк флоттун кемелеринин отряды менен бирге машыгууларга катышуу үчүн деңизге киргенин Орусиянын Коргоо министрлигиндеги булактар билдирген.

4. Япониянын Тышкы иштер министрлиги Украинадан дээрлик бардык дипломаттарды чакыртып алганын жарыялады. Киевде саналуу гана дипломаттар калат. Элчилик чектелүү гана функцияларды аткарат. Ал эми АКШ жакынкы 24-48 сааттын ичинде Киевден бардык америкалык кызматкерлерин чыгарып кетүүгө ниеттенүүдө. Сербиянын Тышкы иштер министрлиги өз жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө чакырды.

5. Forbes басылмасынын тизмесине кирген украиналык ишкерлер чартердик каттамдар жана менчик учактар ​​менен Украинадан чыгып кетишүүдө. "Украинская правда" басылманын маалыматына караганда, 13-февралда Киевден 20га жакын учак учкан.

6. Украинанын президенти Володимир Зеленский америкалык кесиптеши Жо Байденди жакынкы күндөрү Киевге шашылыш келип кетүүгө чакырды.

7. "Turkish Airlines" компаниясы Украинага болгон билеттери 13-28-февралга туура келген жарандарга билеттерди кайтарып берүүгө же алмаштырууга уруксат берди. Авиакомпания мындай чечимди өлкөдөгү учурдагы кырдаал менен түшүндүрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
joke81kg
2022-02-14 15:58:51
Тынчылык болсун
+16
akmanai
2022-02-14 17:49:34
Дуйнодо тынчтык болсо экен!
+10
algakaray
2022-02-14 18:02:12
Баарын баштаган Америка да. Бут жерде жон журбойт булар, болгон жерге башын тыгып эле келе жатат.
+11
algakaray
2022-02-14 18:02:57
Эки доо урушса ортодо кара чымын кырылат болуп Украина ортодо калды.
+10
portugalia
2022-02-14 19:47:27
Тынчтык болсун!
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан