Саясатчы Равшан Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиевага карата козголгон иш боюнча алгачкы сот отуруму болду. Бул тууралуу Кудайбердиева Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Ага ылайык, Айсулуу Кудайбердиеванын иши бүгүн, 14-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда өткөн.
Анын соңунда кийинки отурум 1-мартка белгиленген.