Украинанын президенти Володимир Зеленский Жогорку Раданын депутаттарына жана өлкөдөн чыгып кеткен олигархтарга кайрылып, 24 сааттын ичинде кайтып келүүгө чакырды. Бул тууралуу "Украинская правда" басылмасы жазды.
"Бизнесмендер жөнүндө айта кетсем. Баса, кечээ эле 30 чартердик каттам жасалыптыр. Бул биздин бай өлкөбүз бар экенин көрсөтүп турат. Эң негизгиси алар Украинадан эч нерсе алып чыга алышпайт. Чет жакта жүргөндөр ар кайсы партиялардын депутаттары. Биз аларга мамлекеттен, Жогорку Рададан, спикерден сигнал беришибиз керек. Мен жеке өзүм суранат элем, 24 сааттын ичинде өлкөгө кайтып келгиле деп. Алар кайра келиши керек деп ойлойм. Болбосо мамлекет катары баарыбыз олуттуу жыйынтык чыгарышыбыз керек. Мага ишениңиздер, биз аларды жасайбыз", - деген Зеленский.
Володимир Зеленский ошондой эле Украинадан чыгып кеткен олигархтарга кайрылып, мамлекет бизнеске таасир этпей турганын, бирок алар ишканаларга жана алардын кызматкерлерине кайтып келиши керек деп эсептей турганын белгилеген.
Буга чейин Украинадагы азыркы кырдаалдан улам өлкөдөгү олигархтар жана ири ишкерлер Украинадан массалык түрдө чыгып кетип жаткандыгы кабарланган.