Түркмөнстандагы президенттик шайлоого Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу талапкерлигин койду

Түркмөнстандын вице-премьер-министри, учурдагы мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов Түркмөнстанда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, анын талапкерлиги Түркмөнстандын Демократиялык партиясынын кезексиз тогузунчу съезди тарабынан көрсөтүлгөн.

11-февралда Түркмөнстандын Элдик Кеңешинин жыйынында 15 жылдан бери президент болуп келген Гурбангулы Бердымухамедов жаштарга орун бошотуп берүүнү колдой турганын билдирген.

Түркмөнстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2022-жылдын 12-мартына белгиленген. Түркмөнстандын Конституциясына ылайык, өлкөнүн президенти болуп Түркмөнстанда туулган, жашы 40тан жогору, мамлекеттик тилде эркин сүйлөгөн, өлкөдө акыркы 15 жыл туруктуу жашаган жана иштеген жаран шайлана алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Pchelka85
2022-02-15 10:25:51
)))) Бийлик атадан балага отот экен да эми...
+8
rususu
2022-02-15 11:24:15
Чондун баласы чон болот, кулдун баласы кул болот деген ушу да.
+1
nazira...
2022-02-15 13:45:32
Манархия
+4
akmanai
2022-02-15 15:01:08
Уже кийинки президенттин ким болоору белгилуу болуптур да
+3
alym21
2022-02-15 17:12:42
Атасынан беш бетер болотго кебетесине караганда
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан