Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйын берүүдө. Жыйында SUPER.KG порталынын журналисти Жылдыз Джускембаева "Жогорку Кеңеште сизге карата сын-пикирлер айтылууда. Анын катарында Жеңишбек Токторбаев сизди "Кумтөр" боюнча маалыматты жашырып жатат деп айтууда. Ошондой эле Акылбек Жапаров төрөлгөндө еврейлер ыйлаган деген сөздү айтты. Бул боюнча эмнелерди айта аласыз?" деп суроо узатты.
Акылбек Жапаров суроого жооп берип жатып, "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыгуу алдында турганын айтты.
"Өзүм 3 жолу парламенттин депутаты болгом. Эл өкүлдөрү көпчүлүк учурда чын-тамашаны аралаштырып сүйлөшөт. Балким, ошону аралаштырса керек.
"Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыгайын деп калды. Февралдын аягы 15-мартка чейин тынч ажырашууну макулдашып бүттүк. Биз толук маалыматтарды беребиз. Анын ичинде парламентке дагы.
Жалпысынан "Кумтөргө" сырттан башкаруучу киргенде эсебинде 48 миң доллар каражат бар болчу. Алар 4-5 жылдан бери кыргыздар өзүлөрү бул ишкананы алат деп даярданып жүрүшкөн экен. Кете турган ойлору болгон, бирок алтындын баалары улам кымбат болуп жаткандыктан кеткилери келбей жаткан экен.
Жыл аягында өлкө казынасына 329 миллион доллар киреше түштү. Бул салыктан башка. Мурун Канада 4 пайыз салыкты төлөбөй жүргөн. Азыркы кезде "Кумтөр" 4 пайыз салыкты дагы төлөп жатат.
Ал эми депутаттар сураган сырларды жабык эшик артында алар менен сүйлөшүүлөр бүткөн соң айтып беребиз", - деди Жапаров.