Бүгүн, 15-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйын берүүдө.
Маалымат жыйында министрлер кабинетинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалган Бажы кызматынын башчысы Адилет Кубанычбековдун ишине канааттанып жүргөнүн айтты.
"Анын күнөөлүү же күнөөлүү эместигин сиздер менен чогуу сот аныктайт деп сүйлөштүк. Ноябрь, декабрь айларында бул жигит пландарды толтурду. 1 миллиард 700 миллион сом көбүрөөк акча берди. Анын планы менен январь, февраль, март айларында Бажы кызматы 130 пайызга көп төлөдү. Мен министрлер кабинетинин төрагасы катары ал баланын иштегенине канааттанып эле жаткам", - деди Акылбек Жапаров.
17-январда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалган. 19-январда Биринчи Май райондук соту Адилет Кубанычбековду 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.