"Токмокко, Бишкекке алынып келиши мүмкүн". Садыр Жапаров Кара-Балтада чыгарылган автобусту көрөт

Өлкө башчы Садыр Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Балта шаарына барып, өлкөдө жасалган автобусту көрөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйында айтты.

"Бүгүн Кара-Балтага президентибиз Садыр Нургожоевич автобусту көргөнү кетти. Эгерде чын эле ошол автобус жүрө турган болсо, Кара-Балта мэриясына, Токмокко, Бишкекке автобусту алып берүүгө даярбыз. Бишкектин мэрине "2000 автобус керек" дегенинен "2000 автобус аласың" деп тапшырма бергенбиз. Эгерде биздин ишкерлер чыгара ала турган болсо, сапаты туура келсе биз биринчи кезекте өзүбүздүн ишкерлерден сатып алууга даярбыз", - деди Акылбек Жапаров.

Эскерте кетсек, өлкөдө биринчи жолу жүргүнчүлөрдү ташуучу автобус чыгарылган. Бул автобус европалык DAF концерни менен бирге чогултулган. Өндүрүш жана жыйноо толугу менен Кыргыз Республикасында ишке ашырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан