Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйын берип жатат. Анда журналист тарабынан "Орун басарыңыз Эдил Байсаловдун ишине кандай баа бересиз? Анын дарегине айтылган сын-пикирлерге эмне дейсиз?" деген суроо берилди.
"Эдил Байсалов өкмөттө эң мыкты жектекчилердин бири. Ал жакта иш болгон соң сын-пикир дагы болот. Менимче, анын жетиштүү деңгээлде чоң потенциалы бар. Кичине эмоциясын башкара алса, баары бир бейөкмөт уюмдарда көп жылдык тажрыйбасы бар. Бирок туура багытта.
Көп суроолордо анын колдоосун сезем. Ага убакыт берсек, республикалык деңгээлде абдан жакшы жетекчи чыгат", - деди Жапаров.