Бүгүн, 15-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйын өткөрдү. Анда ал социалдык түйүндөрдөгү маалыматтар менен таанышып турарын айтты.
"Садыр Нургожоевич социалдык түйүндөрдү биринчи карайт экен да. Саат 2:30да маалыматтар келет. Социалдык түйүндөргө маалыматты киргизсеңер эле мага жетти деп ойлой бергиле. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары, мекеме жетекчилери менен WhatsApp'тан топ түзүп алып, анализ кылып турабыз", - дейт Акылбек Жапаров.