Бүгүн, 15-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйын өткөрдү. Анда ал тышкы карыз боюнча суроого жооп берди.
"Чоң көлөмдө тышкы карызды төлөөнүн убактысы келип калды. Жол, ЖЭБ, Датка Кемин акча алып келбейт, кантип кутулабыз дегем. Ошондо Алмазбек Атамбаев менен көз карашым дал келбей калган. Мындан улам финансы министрлигинен кеткем. Бири-бирибизге жардам беришибиз керек. Тышкы карыз салыктын эсебинен төлөнөт", - деди ал.