Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдө оң рулдуу унааларды каттоого каршы. Бул тууралуу ал өзү бүгүн, 15-февралда өткөн маалымат жыйында айтты.
"Азыр биз бул багытта Түркиянын тажрыйбасын карап жатабыз. Бул өлкөдө кубаттуулугу чоң унаалар үчүн 10 миң доллар салык бар. Биздин өлкөдө 1 миллион 150 миң автоунаанын ичинен заводдон чыкканына беш жыл болгон унаалардын саны болгону 5800 экен. Бул өлкөдө жаңы унаа жок дегенди түшүндүрөт да. 15 жыл жана андан мурун чыгарылган унаалардын саны 1 миллион 100 миң экен. Биз жалаң дүйнөдөгү эски техниканы чогултуптурбуз. Эгер оң рулдууларга уруксат бере турган болсок Орусия, Казакстан, Беларустагы эски унаалардын баары бизге толуп калат", - деди Жапаров.
Ошондой эле Акылбек Жапаров учурда өлкөдөгү унааларды электромобилдерге алмаштыруу багытында иштер жүрүп жатканын кошумчалады.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова Жогорку Кеңеш оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салууну алып салуу боюнча мыйзам долбоорун даярдай турганын билдирген.