Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу болду

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-15-февралда Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар калган тилкелердеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара линиясынын өтүүсү маселеси тууралуу пикир алышып, талкууну Тажикстан Республикасынын аймагында өтүүчү келерки жолугушууда улантууну макулдашты.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан