Түштүк кореялык компания жаңы бет кап ойлоп табышты. Аны тамактануу учурунда чечүүнүн кажети жок – жөн гана астыңкы бөлүгүн мурундун үстүнө жаап, тамактан кийин кайра түшүрүп койсо болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Түштүк Кореяда омикрон штаммы көбөйүп жаткандыгына байланыштуу дал ушундай бет кап ойлоп чыгарышкан. Өлкөдө ресторандар, барлар жана башка мекемелердеги зыяратчылардын санын гана чектеп, чектөө киргизилген эмес.