Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Орусиядагы мигранттар боюнча маселе көтөрдү.
"Мен өткөн жумада Орусияда болдум. Чын эле миңдеген мекендештерибиз медициналык кароодон өтүү боюнча абдан тынчсыздануусун билдирип жатышат. Бул нерсеге айлыгынын бир топ бөлүгү кетип жатат. Мен тийиштүү комитеттин төрагасы катары Мамлекеттик Думанын комитетинин төрагасына кат жолдодук. Талант Турдумаматович сиз делегация менен Орусияга бара жатасыз. Ушул маселе каралат деп ишенем", - деди Жанар Акаев.