Дубалдары коралл түскө боёлуп... Бишкектеги убактылуу кармоочу жайда капиталдык оңдоо иштери башталды

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталды. Борбор калаанын мэриясынан кабарлашкандай, оңдоо иштери апрель айында аяктайт.

"Эки кабаттуу имаратта тамактануучу жай, жуунуучу бөлмө жана 31 бөлмө бар. Учурда изолятордун тамактануу бөлүмү, жуунуучу бөлмөлөрү оңдолуп, кафель төшөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле камералар, коридорлор, администрациянын кеңселери жана кабылдамалар оңдолууда. Желдетүү системасы жана ички жылытуу системасы да оңдолот.

Тендердин жыйынтыгына ылайык, капиталдык оңдоо иштерин "Рамазан курулуш" компаниясы жүргүзүүдө", - дешти мэриянын маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан