Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынынын күн тартибине жазгы талаа иштери боюнча маселе коюлган.
Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келе турганын айтты. "Бүгүн жазгы талаа иштерине карата даярдыктар боюнча маалымат берүү үчүн министрлр кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келип, суроолоруңуздарга жооп берет. Бул маселени саат 14:00гө белгилеп берүүнү суранам", - дейт ал.